Айдарбеков Улуу Британиянын европалык кошуналык иштер жана Америка иштери боюнча министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Бүгүн КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун европалык кошуналык иштер жана Америка иштери боюнча министри, тышкы иштер министринин орун басары, Парламентинин жамааттар Палатасынын депутаты Уэнди Мортондун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маектин жүрүшүндө алар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо боюнча биргелешкен күч аракеттерди талкуулашты.

Эл аралык авиакаттамдардын токтотулушуна байланыштуу Бириккен Королдукта калып калган кыргыз жарандарынын визаларын узарткандыгы үчүн Ч.Айдарбеков британия тарабына ыраазычылык билдирди.

Тараптар коронавирус инфекциясына жана анын терс социалдык-экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүүдө практикалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий