• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Айдарбеков Өзбекстандын тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-апрель күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Телефондук сүйлөшүүдө министрлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө эки өлкөнүн өз ара кызматташуусун талкуулашкан.

Айдарбеков, кыргыз тарап боордош өзбек элине COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирерин айткан.

Пикир

Оставить комментарий