• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Айдарбеков жана Буриан КР менен ЕБ ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүнү талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен видеоконференция аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүү маселелерин талкуулашкан.

"ЕБнын ыкчам көңүл буруп, билим берүү, социалдык коргоо секторлору үчүн бюджеттик колдоонун алкагында каатчылык менен күрөшүүдө өзгөчө муктаждык үчүн 36 млн евро өлчөмүндө кошумча колдоо көрсөтүү жөнүндө билдирүүсү үчүн кыргыз тарабы ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде ЕБ өлкөлөрүнөн келип жаткан азык-түлүк, медициналык жабдыктар түрүндөгү гуманитардык жардамдар үчүн дагы ыраазычылык билдирилди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министр Ч.Айдарбеков ЕБ-ДСУ механизми аркылуу, атап айтканда, 2020-жылдын 20-июлунан тартып иштей баштаган “Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү "COVID-19": каатчылыкка көңүл буруу чаралары" (CACCR) барын камтуучу тилектештик пакети” деп аталган ЕБнын жаңы долбоору аркылуу дары-дармек каражаттарын алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Кыргыз тарабы Борбордук Азияда COVID-19дун жайылуу кырдаалы турукташкандан кийин Бишкек шаарында ЕБ-БАнын Биринчи экономикалык форумун уюштуруунун жана өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана ушул жылдын күзүндө видеоконференцбайланыш форматында даярдык көрүү иш-чарасын өткөрүүнү сунуштады.

Ч.Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүнүн экономикалык кесепеттерин жеңип чыгуу, чакан жана орто бизнести колдоо, сооданы илгерилетүү, жаңы шартта калктын азык-түлүк коопсуздугун жана социалдык корголушун камсыз кылуу, ошондой эле санариптик технологияларды алдыга жылдыруу боюнча программаларды ишке ашыруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

ЕБ тарабынан берилген ВСП+ статусунун мүмкүнчүлүктөрүн Кыргыз Республикасынын пайдалануусунун алкагында долбоордук колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүнүн аягында тараптар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жана Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү/Европа комиссиясынын вице-төрагасы Ж.Боррелдин деңгээлинде 2020-жылдын 12-июнунда болуп өткөн ЕБ-БА форматындагы видеоконференцбайланыштын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий