• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Айдарбеков жана БУУнун комиссиясынын башчысы КРга экстремизмдин алдын алуу боюнча жардам берүү маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 26.11.18 /Кабар/. Бишкекте тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жана Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын глобалдык программасынын менеджери жана зордук менен болгон экстремизмдин алдын алуу боюнча атайын кеңешчиси А.Аванесов баштаган БУУнун делегациясынын жолугушуусу өттү.

Жолугушуу учурунда БУУнун баалоочу комиссиясынын мүчөлөрү менен Кыргызстанга экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, терроризмге каршы күрөшүү боюнча жардам берүү маселелери, КР менен БУУнун ар кандай тармактагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Чыңгыз Айдарбеков БУУнун экстремизге жана терроризмге каршы күрөшүүсүндөгү программаларын Кыргызстан тараптан колдоону тастыктады жана КРнын 2017-2022-жылдарга экстремизге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча программаны ишке ашыруу үчүн эл аралык эксперттик жана финансылык-техникалык жардамды тартуудагы кызыгуусу белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий