• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айдарбеков ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумуна катышат

Саясат 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 26-май күнү Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумуна катышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Отурум видеоконференция түрүндө өтүп, анда Россия тарап төрагалык кылат.

"Отурумда аймактык жана эл аралык коопсуздук боюнча маселелер талкууланары, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин негизги багыттар боюнча кызматташуу маселелери каралары пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий