• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айдаркен сымап комбинатында кен казуу жумуштары башталды

Аймак 0

Бишкек, 22.03.18 /Кабар/. Айдаркен шаарынын тургундары үчүн Нооруз, кош майрам болду. Анткени Айдаркендиктердин үмүтү болгон, 10 жылдап иштебей турган Сымап комбинатынын шахтасы жана фабрикасы кайрадан иштеп баштады. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, бул саамалыкка КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев катышып, шаар тургундарын Нооруз майрамы жана комбинаттын ишишнин кайрадан жанданышы менен куттуктады.

Учурда 660 метр тереңдиктеги шахтанын суусу насостор менен тартылып, тынымсыз сордуруп турууга жана 1967-жылы орнотулган эскилиги жеткен тетиктер алмаштырылып, руда алып чыгууга толук шарттар түзүлдү.

Эске сала кетсек, 2009-жылдан комбинаттын шахтасын суу каптап, кен казуу жумуштары токтогон болчу. Мындан улам, чоң чыгымга дуушар болгон комбинат инвестор издеп келген. Натыйжада 2017-жылдын июлунда комбинаттын жетекчилиги атамекендик “Северстайл” компаниясы менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, иштеп башташкан.

“Өкүл Абиш Халмурзаев, тынымсыз изденүүнүн натыйжасында инвестор таап, жоюлуп кетүү коркунучунда турган ишкананын ишин жандандырган комбинат жетекчилигинин ишин баалап, Толубай Салиевге “Баткен облусуна 15 жыл” медалы менен сыйлады”, - деп айтылат маалыматта.

Өкүл өз сөзүндө “бул комбинаттан Айдаркен шаарынын калкынын үмүтү чоң. Комбинат канчалык узак убакытка иштебей турса анын жоюлуп кетүү коркунучу жогорулайт. Ошондуктан аймакта сымап өндүрүлүп, элге жумуш орун түзүлүп, бюджетке салык түшкөнү биз үчүн маанилүү, комбинат чоң сыноодон өттү, эми мындан ары үзгүлтүксүз иштейт деп ишенем”,- деди.

Комбинат жетекчиси Толубай Салиевдин айтымында, марттын соңуна даяр продукция сымап, апрель айынын орто ченине сурьма даярдалып чыгарылат. Ал эми жыл этегинде 140 млн сомдук продукция берилет. Бүгүнкү ишке кирген шахтада сымап менен сурьманын 30 жылга жетчү запасы бар. Алдыда дагы башка шахталар ишке кирсе, комбинаттын мүмкүнчүлүгү дагы кеңейет.

Учурда шахтада кен казуу жумуштары техникалар менен жүргүзүлүп, шахтерлордун коопсуздугу эске алынып, баары механизацияланган.

Бул жумуштар менен жакындан таанышуу максатында ыйгарым укуктуу өкүл 260 метр тереңдиктеги шахтага түшүп, шахтерлор менен жолукту.

Белгилей кетсек, комбинаттын шахтасы иштебей турган убакта деле комбинат калган калдыктарды кайра иштетип, жумушчуларды эмгек акы менен камсыздап, бир жылда 67 млн салык, 26 млн социалдык төлөм, 9 млн мамлекетке дивидент катары бергенге жетишкен.

Бул күнү облус башчысы менен комбинат жетекчилиги комбинаттын эң жашы улуу, 90 жаштагы жумушчусу ардактуу эс алуудагы Рахман Каримов аксакалдан кабар алып, белектерин беришти. Аксакал ата өмүр бою комбинатта иштеп, 11 баласын чоңойтконун айтып, шаардыктардын жашоосу болгон комбинаттын ишин жанданткан жетекчилерге ак батасын берди.

Пикир

Оставить комментарий