• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айдаркенде кош бойлуу энелер үчүн атайын мектеп ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарында 5-февраль күнү эл аралык гуманитардык медициналык «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун колдоосу менен Энелер Мектебин ачуу аземи болду. Бул мектеп кош бойлууларды эне болууга даярдайт.

«Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Айдаркен ооруканасында толугу менен жабдылган атайын бөлмөдө болочок энелер үчүн төрөткө жана эне болууга комплекстүү даядоо жүрөт. Мектептин максаты – болочок энелер үчүн толгоодо болгон оорууну жеңилдетүү жолдорун үйрөтүү, төрөткө даярдоо, өзүнө өзү көмөк көрсөтүү жана ден соолугун калыбына келтирүү багытында окутууларды уюштуруу. Кош бойлуу аялдардын терс эмоциялары менен бирге эң негизгиси коркунуч сезимдерин жокко чыгаруу.

Окутуунун жүрүшүндө балага кам көрүүдөгү жаңы жөндөмдүүлүктөргө, балага болгон мамилеге жана эмизүүнүн ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулат.

Энелер Мектеби – баштапкы саламаттыкты сактоонун деңгээлинде, эне менен баланын ден соолугуна кам көрүүдөгү эң негизги компонент болуп саналат», - дейт «Чек арасыз дарыгерлер» долбоорунун жетекчиси Жиль Грандклеман.

«Баткен облусунда 3 энелер мектеби бар, бирок алардын бары облустун Кадамжай, Баткен жана Исфана шаарларынын борборлорунда жайгашкан. Мындай мектептин Айдаркенде ачылып жатканына биз өтө кубанычтабыз», – деп билдирди Айдаркен жалпы дарыгердик практика борборунун директору Эмилбек Сулайманов.

Жетекчинин айтуусунда, энелер мектеби өтө керек болчу жана атайын кош бойлуу аялдардын суранычы менен ачылды.

Пикир

Оставить комментарий