• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдаркенде апасына зыян келтиргени үчүн чоң энесин сабаган жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Социалдык тармактарда "Айдаркен шаарчасында тажиктер сүрөттөгү энени сабап салышкан" деген маалымат таркатылууда.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул маалымат чындыкка дал келбейт.

Милициянын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасына Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын 7-көчөсүнүн тургуну 30 жаштагы А.Ү. (улуту кыргыз) өзүнүн чоң энеси Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну 61 жаштагы М. З.ны (шектүүнүн апасынын абысыны) Айдаркен шаарындагы соода базарынан үйүңүзгө жеткирип коемун деп алдап, өзү башкарып жүргөн “Деу-Матиз” үлгүсүндөгү автоунаасына салып, Айдаркен-Сох автоунаа жолу аркылуу кетип жатып “менин апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма-суутма кылып, сен майып кылып койгонсун” деп уруп, денесине жараат келтирип, адамдын эркине каршы аракеттерди атайылап жасаган.

Бул факты Кадамжай райондук милициясынын бейбаштык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Сур айылынын 30 жаштагы тургуну А.Ү. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий