• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Айдоочу абайла, жолдор тайгак болот - автоинспекторлордон айдоочуларга кеңеш

Коом 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуларга жакынкы фараларын же габариттерди күйгүзүп алууну сунуштайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

“Республикадагы аба ырайынын шарттарынын чукул өзгөрүшүнө (туман, карга айланган жамгыр) байланыштуу жолдордогу көрүүнү начарлап жатат. Жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн бардык айдоочуларга күндүз дагы калк жашаган аймактарда жакынкы фараларын же габариттерин күйгүзүп алуу сунушталат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий