• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айдоочулардын эсине: Ашуулардагы кардын бийиктиги тууралуу маалымат

Аймак 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. ӨКМ кызматы саат 12.00гө карата тоолуу аймактардагы ашуулардагы карлардын бийиктиги тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы 121-128 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 8-30 см, түштүк тарабында 132-137 чакырымдарында 15-60 см түзөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңгон.

Өтмөк-Талас автоунаа жолундагы 0-14 чакырымдары (Өтмөк) ашуусунда кардын орточо бийиктиги 12-32 см түзөт, жолдор тайгак, муз тоңгон.

Бишкек-Ош унаа жолунун 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы)жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 8-32 см түзөт.

Бишкек-Торугарт автоунаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 8-15 см түзөт.

Каракол-Эңгилчек автоунаа жолундагы 55-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги 8-30 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.

Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунунун Сөөк ашуусу 62-68 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 8-28 см түзөт, жолдор тайгак болуп муз тоңгон.

Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 8-32 см түзөт жолдор тайгак, муз тоңгон.

Нарын-Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунда кардын орточо бийиктиги 5-15см түзөт.

Пикир

Оставить комментарий