• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айдоочулардын эсине: Ашуулардагы кардын бийиктиги тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. ӨКМ кызматы саат 10.00гө карата тоолуу аймактардагы ашуулардагы карлардын бийиктиги тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы 121-127 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 26-55 см, түштүк тарабында 40-110 см түзөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тоңгон. Жол ачык.

Бишкек-Ош унаа жолунун 198-216 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу) жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тоңгон. Жол ачык. Кардын орточо бийиктиги 35-80 см түзөт.

Өтмөк-Талас унаа жолундагы 0-14 чакырымдары (Өтмөк) ашуусунда кардын орточо бийиктиги 10-50 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тонгон. Жол ачык.

Бишкек-Ош унаа жолунун 216-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тонгон. Жол ачык. Кардын орточо бийиктиги 20-70см түзөт.

Бишкек-Ош унаа жолунун 357-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу) жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тоңгон. Жол ачык. Кардын орточо бийиктиги 10-20см түзөт.

Ала-Бука-Канышкыя 75-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кардын орточо бийиктиги 15-52 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тоңгон. Жол ачык.

Кара-Кулжа-Алайкуу Кызыл-Жар тилкесинде кардын орточо бийиктиги 10-35 см түзөт.

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 10-33 см түзөт.

Нарын-Казарман унаа жолундагы (Кара-Көө ашуусу) ашууда кардын орточо бийиктиги 10-33 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тоңгон. Жол ачык.

Пикир

Оставить комментарий