• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айдоочулардын эсине: Ашуулардагы кардын бийиктиги тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.01.18. /Кабар/. ӨКМ кызматы саат 10.00гө карата тоолуу аймактардагы ашуулардагы карлардын бийиктиги тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы 121-128 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 22-55см, түштүк тарабында 131-137 чакырымдарында 63-115 см түзөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңгон.

Өтмөк-Талас унаа жолундагы 0-14 чакырымдары (Өтмөк) ашуусунда кардын орточо бийиктиги 20-80 см түзөт, жолдор тайгак, муз тоңгон.

Бишкек-Ош унаа жолунун 198-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон. Кардын орточо бийиктиги 25-105см түзөт.

Ала-Бука-Канышкыя 40-80 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кардын орточо бийиктиги 10-50 см түзөт,жолдун айрым жерлеринде тайгак.

Кара-Кулжа-Алайкуу Кызыл-Жар тилкесинде кардын орточо бийиктиги 0-15 см жетет, Тамчы тилкесинде кардын бийиктиги 5-15 см түзөт.

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 10-30 см түзөт.

Нарын-Казарман унаа жолундагы (Кара-Көө ашуусу) ашууда кардын орточо бийиктиги 15-45 см түзөт, жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон.

Пикир

Оставить комментарий