• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эгемендүүлүк күнү. Бишкекте айрым көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабылат

Коом 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы эгемендүүлүк күнүнө карата даярдык көрүү боюнча борбордук жана Турдакун Усубалиев атындагы аянттын айрым көчөлөрү бүгүн, 26-августта, саат 17:00дөн 22:00гө чейин убактылуу жабыла тургандыгын эскертет.

Майрамга даярдык көрүү боюнча өткөрүлгөн иш-чараларды өткөрүү учурунда төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылат:

— Чүй проспектисинин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү ("Ала-Тоо" аянты);

— Абдымомунов көчөсүнүн Орозбековдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү — (Эски аянт).

Ошондой эле эртең, 27-августта, Эски аянт кечке чейин жабык болот.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алып, жолго чыгууда алдын ала пландоо менен башка жолдор менен жүрүүнү маалымдайт.

Пикир

Оставить комментарий