• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайында таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 06.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-ноябрынан 12-ноябрына, ошондой эле 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3902-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат.

Жумуштар КР ИИМ ЖКККББ кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тосуудан кийин күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

"Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий