• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (темир жолдун 3 миң 902-чакырмы) таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, иштер күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин жүргүзүлөт.

“Жолду тазалоо иштери учурунда унаалар бир тилке менен каттайт. Топтолгон унаалар 30-40тан ашкан учурда таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат. Иш таш кулоо түрүндөгү кооптуу факторлордун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий