• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Айдоочулардын эсине. Чүй жана Ысык-Көлдүн айрым жолдору эки күнгө жабылат

Аймак 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Чүй жана Ысык-Көл облусунун айрым жолдору 19-20-августта жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ал күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчыларынын катышуусунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

Буга байланыштуу коопсуздукту камсыздоо максатында Тамчы айылынан Бостери айылына чейин, ошондой эле Чолпон-Ата шаары боюнча жолдордо транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр коюлат.

“Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алып жарандарыбыз менен коноктор убактылуу киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алат деп ишенебиз. Жолдордо тыгындарды жаратпоо үчүн жол эрежелерин жана жолдо жүрүү маданиятын так сактап, унааларды жолдун жээктерине кароосуз калтыруудан алыс болууга чакырабыз. Алдын ала жол каттамдарын тандап алыңыздар”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий