• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айдоочулардын эсине! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Алсак, 1нен 5-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 72-91 (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 286-306 (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы) көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Ошондой эле Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 (Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш автоунаа жолунун 161-179 (Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык автоунаа жолунун 97-98, 110, 136-150 жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү корунучу сакталат.

Кыргызгидромет борборунан кошумчалашкандай, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий