• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айдоочулардын эсине! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөү жылдын 14-февралынан 17-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Тактап айтканда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору.

Андан тышкары, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий