• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Аба ырайынын кескин бузулуп кеткенине байланыштуу Бишкек-Ош жолу жабылат

Коом 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Аба ырайынын кескин бузулуп кеткенине байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолу жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жолдогу посттор бүгүн кечки саат 22:00 эртеңки саат 10:00 чейин жабылат.

"Аба-ырайынын кескин өзгөрүп, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу "Сосновка", "Арал" посттору жана Өтмөк ашуусу 29-март күнү саат 22:00дөн 30-март саат 10:00гө чейин унаалардын баардык түрүнө убактылуу жабылат. Ошол себептен сапарга чыкпооңуздарды эскертебиз", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий