• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдоочуларга эскертүү! Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 22.05.22. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 23-майдан 27-майга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымындагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлө турганын эскертет.

Ишканадан билдиришкендей, таш кулатуу учурунда унаа жолго чектөө киргизилип, жол убак-убагы менен жабылып турат жана иштер күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейинки аралыкта жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, 30-40 унаа топтолгон учурда таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий