• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдоочуларга эскертүү: Эми Горький көчөсү менен баратып Байтик баатыр көчөсүнөн солго бурулууга болбойт

Коом 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Мындан ары Максим Горький көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда Байтик баатыр көчөсүнөн солго бурулууга болбойт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Буга чейин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн тартып, Максим Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду оңдоп-түзөө иштери болгондуктан ошол тилке убактылуу жабылган. Ошого байланыштуу жол тыгындарынын алдын алуу максатында Максим Горький көчөсүнөн күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда Байтик баатыр көчөсүнөн жол белгиси алынып, солго бурулууга уруксат берилген.

Эртеңден баштап, 5.15.2 жол белгиси кайра орнотулуп, айдоочулар Максим Горький көчөсүнөн күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда Байтик баатыр көчөсүнөн солго бурула албайт.

Пикир

Оставить комментарий