• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айдоочулук күбөлүктү 19 жаштан жогорку жаштагыларга берген туура болмок - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. "Айрым ата-энелер мектепти аяктап жаткан уул-кыздарына автоунаа белек кылган жагдайлар бар. Өзү мектепти бүтө элек болсо айдоочулук күбөлүккө кантип ээ болушмак эле? Бирок, ошол балдарынын айдоочулук жөндөмүнө эмес, чөнтөгүнө ишенгендердин айынан тажрыйбасы, билими жок айдоочулар арбыды. Бул жол кырсыктарына гана себеп болууда. Ошондуктан, айдоочулук күбөлүктү мектепти толук аяктап, тиешелүү автомектептерден окуган 19 жаштан жогорку жаштагыларга гана бергенде туура болмок. Ал эми 17 жаштагы балдардын эртелеп айдоочулук рулга олтуруп жатышы чындап эле кооптуу,- дейт депутат Эмиль Токтошев бүгүн, 31-майдагы “Парламент” радиосуна курган маегинде.

"260дай автомектептер бар. Алардын окууга керектүү жабдыктары кандай? Заман талаптарына жооп береби? Ушул шарттардын бардыгын карап чыгып, бир нукка салууга туура келет. Эгерде сынак тапшыра албай калган автомектептин бүтүрүүчүлөрү болсо алар орус жергесинде 2-3 жылга артка жылдырылат экен. Бизде деле ошол сыяктуу талаптар катуу коюлса, бул дагы жол кырсыктарынын азайышына себеп болмок",- деди эл өкүлү.

Ошондой эле, депутат айдоочулук күбөлүктү берген тарап башка, жол эрежелерин көзөмөлдөгөн жак башка болуп чачыранды болбой, бардык жооптуу бир гана органдан сурап алсак жакшы болорун белгиледи. Анын пикиринде, бул милдетти Ички иштер министрлигине тапшырган максаттуу.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ошол эле уктурууга катышкан Бишкек шаардык патрулдук милициясынын жетекчиси, полковник Талантбек Барпиев Бишкек шаарынын ичиндеги оор деген жол кырсыктарынын саны 30-40%га азайгандыгын айтты. "Ал эми жол кырсыктарынын алдын алууда жарандык коомдордун жигердүү колдоо көрсөтүп жаткандыгы жакшы самаалык. Мисалы, тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган кызматтык автоунааларды сатып алып берген демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз. Ошол техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жардамы менен автоунааны токтотпостон туруп эле, аны эреже бузган, же бузбаган айдоочу башкарып бара жатканын, же ошол унаанын автокырсыктарга катыштыгы бар – жогун аныктоого жол ачылды”,- дейт.

Ошондой эле, полковник атайын жабдылган программалык системанын аркасында автоунаалардын салык төлөгөн-төлөбөгөнүн дагы аныктоого болорун кошумчалады.

"Бишкек шаарындагы 95 мектепте окуучулар каникулга чыгып, иш бир аз жеңилдеп калды, - деп толук айта албайбыз. Жайкы каникулда деле жаш балдардын жол жүрүшү көбөйөт. Бүтүрүү экзамендерин берип жаткандар бар. Андыктан, мектептер бар участоктордо патрулдук милициянын бирден кызматкери аймакты көзөмөлдөп, балдарды жолдун бир жээгинен экинчи тарабына өткөрүүдө эки нөөмөт менен иштеп жатышат", - деди Талантбек Барпиев.

Пикир

Оставить комментарий