• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууга мини-камера колдонгон жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта “Унаа” мекемесинин Сокулук-Москва бөлүмүнүн сынак тапшыруу классында видеобайкоонун мини-камерасын колдонгон жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ал адам буга чейин төрт жолу теориялык сынак тапшырып, өтпөй калган. Бул учурда бешинчи ирет экзаменге келген.

Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн жана бул иш аракетке катыштыгы бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн укук коргоо органдарына берилди.

Пикир

Оставить комментарий