• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Айдоочулук күбөлүктөрдү калыбына келтирүү үчүн ЖКККББнын тактама кагазы талап кылынбайт

Коом 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Айдоочулук күбөлүктөрдү жана мамлекеттик каттоо белгилерин калыбына келтирүү үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) тактама кагазы талап кылынбайт. Бул тууралуу ИИМ ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын ЖКККББнын демилгеси менен жоголгондордун ордуна жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын жоголгон же уурдалган мамлекеттик каттоо белгилерин калыбына келтирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында 2020-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен кийинки өзгөртүүлөр киргизилди:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомунун 61-пунктунун сегизинчи абзацы «Автотранспорт каражатынын каттоо белгиси жоголгон жери боюнча же автотранспорт каражатынын жайгашкан жери боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан берилген маалым каттын» жокко чыгарылды;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтомунун 46-пункту «Айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда ушул Эрежелердин 43-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылбагандыгы жөнүндө маалымкаты берилет» жокко чыгарылды.

Тактап айтканда, айдоочулук күбөлүктөрдү жана мамлекеттик каттоо белгилерин калыбына келтирүү үчүн жол кыймылынын коопсуздугу багытындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактама кагазы талап кылынбайт.

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кыймылынын бардык катышуучуларына жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана бузбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий