• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айдоочуну байлап койгон. Милиция таксистке кол салган адамды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жүргүнчү ташып иштеген такси айдоочусуна кол салган жаранды кармады. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына Кара-Суу районунун 24 жаштагы жашоочусу кайрылып, каракчылык менен кол салгандар жөнүндө билдирген.

"Ушул жылдын 13-декабрында Ош шаарынан белгисиз адам таксиге отуруп, айдоочудан Жалал-Абадга чейин жеткирип коюну суранган. Бишкек – Ош унаа жолунун болжол менен 615-чакырымына жеткенде жүргүнчү айдоочуга кол салган. Куралга окшош предмет менен коркутуп, талаа тарапка айдоону талап кылган. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы адамдар жок жерден кол салган адам айдоочуну байлап койгон, бирок жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Сузак РИИБи сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Сузак РИИБдин КМКнын кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишинин бетин ачуунун үстүндө иштешкен. Шектүүнүн өздүгү такталган, ал Ош облусунун Өзгөн районунун 33 жаштагы Э. М. аттуу жашоочусу болуп чыккан.

Кармоо учурунда кылмышкер жабырлануучуга таандык “Деу-Матиз” үлгүсүндөгү автоунааны 50 миң сомго башкаларга сатып жибергендиги малым болгон.

Автоунаа табылып алынды. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий