• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү делгендер Кыргызстандын жараны эмес - Мамкаттоо кызматы

Коом 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Кытайдын жараны, ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган Хусейн Ахметалиев жана Абдулла Энвер Кыргызстандын жараны эмес. Бул тууралуу КР Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

"Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кытайдын жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү деп кармалган Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү маалымат базасына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары эмес жана Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун бирдиктүү реестрине ылайык, аталган жарандар Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтеширилген эмес", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 10-ноябрь күнү Стамбулда бизнесмен Айеркен Саймаити киши колдуу болгон. Ал ишкердин аты "Азаттык" радиосунун журналисттеринин иликтөөсүндө айтылып, ири акча каражатын сыртка чыгарууда Саймаитинин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен байланышы бар болушу мүмкүн экендиги сөз болот.

Саймаитини атып кеткен жердин жанында Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна таандык дипломатиялык номерлери бар унаа табылган.

Ал окуяга байланыштуу 12-ноябрь күнү КРнын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков кызматынан алынган.

Белгилей кетсек, Айеркен Саймаитини өлтүргөн деген шек менен үч жаран кармалып, алардын экөөсү Кыргызстандын жарандары экени айтылган.

Пикир

Оставить комментарий