AIFC – Азия менен Европанын ортосундагы каржы хабы

Аналитика 0

Казакстан чет элдик инвесторлорду тартууга багытталган чечимдерди кабыл алууда аймактагы өлкөлөрдөн айырмаланып келет. "Астана" Эл аралык каржы борборун (АЭКБ – Astana International Financial Centre) түзүү дагы алгылыктуу иштердин уландысы болуп калды.

АЭКБ постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөр үчүн өтө сейрек долбоор болуп эсептелет. Өзүнүн соту, арбитражы, биржасы жана жеке жөндөгүчү менен АЭКБ Казакстандын экономикасына инвестиция тартуу "борбору" болууга умтулууда.

Англис укугу эрежесине негизделген, жеңилдетилген салыктык тартип жана көз карандысыз каржылык сотко ээ каржылык хабды түзүү идеясы жалпы Борбор Азиялык аймак үчүн бир нече жыл мурда эле ишке ашпай турган долбоор катары сезилчү. Бирок бүгүнкү күнү ал иш жүзүнө ашып отурат. Учурда Астанада ушундай каржы аянты түзүлүп, ийгиликтүү иш алып барууда.

Президент Нурсултан Назарбаев АЭКБнын демилгечиси жана камкорчусу катары болуп калды. "V институционалдык реформа менен улуттун 100 кадам планы" боюнча эл алдында сүйлөп жатып, Астанада ASTANA EXPO 2017 инфратүзүмүнүн базасында АЭКБны түзүү боюнча дымактуу идеяны жарыялаган. Ал эми Дубайдагы ушуга окшош борбор негизги үлгү катары каралган.

Казакстандык лидер каржы борборунун өзгөчө юридикалык макамын Конституцияга бекитүү, анын Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ – СНГ) өлкөлөрү, ошондой эле жалпы Батыш жана Борбордук Азия аймагынын жаңы муундагы каржы хабы катары калыптандыруу – сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, АЭКБнын иштешин зарыл болгон жарлык менен бекитти. Ушуну менен бирге, каржы аянтында англис укугу эрежесинин негизинде иштей турган жеке юрисдикциясы бар көз карандысыз соттук системасы түзүлөт деп башынан каралган. Бүгүнкү күндө сот корпусу чет элдик адистерден куралууда, ал эми келечекте АЭКБ дүйнөдөгү алдыңкы 20 каржы борборунун катарына кириши керек.

Калгандары мындай айтканда техникалык жумуш болуп калды. Улуу Британияга расмий сапарынын жүрүшүндө Назарбаев Джейкоб Ротшильд (бул инсан тааныштырууга муктаж эмес) менен жолукту. Бир нече күндөн кийин эле казак парламенти АЭКБнын макамын мыйзам менен бекитти. Ошентип бир жыл мурун, 2018-жылдын январында "Астана" Эл аралык каржы борбору расмий түрдө ишин баштады.

АЭКБ чет элдик инвесторлорго эмнеси менен кызыктуу? Баарынан мурда эл аралык стандарттарга негизделген көз карандысыз каржылык жөнгө салуу буга чейин болуп көрбөгөн бардык аймактагы жеңилдик шарттарды түзөт. Бул жерде негизги чечүүчү орундар юриспруденция жана эл аралык укуктардын адиси деп таанылган британдыктарга берилген.

Англис сот укук тутуму дүйнө жүзү боюнча белгилүү, ал эми расмий Лондон эл аралык укук борбору деп таанылган. Ошентип, аталган багыт калыс жана адилеттүү сот өндүрүшүнүн кепили болуп эсептелет.

Мындан сырткары, АЭКБда Казакстандын сот тутумунан көз каранды болбогон, жалаң англис укугу эрежесине негизделген өзгөчө укуктук тартип бекитилген. Ал эми АЭКБнын аймагында иш жүргүзүүдөгү расмий тил болуп англис тили таанылды.

Казакстандын ири трансулуттук компаниялардын иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө жана кынтыксыз абройго ээ болуу аракети, чет элдик инвесторлордун укугун жана кызыкчылыгын коргоону кепилдеген АЭКБнын сотторунун макамы да өзүнө көңүл бурат.

Инвесторлорго арналган жеңилдиктердин тизмесин дагы улантууга болот. Бул 50 жылдык мөөнөткө салыктык өзгөчө жеңилдиктер – АЭКБнын катышуучулары жеке киреше салыгынан жана корпорациялык киреше салыгынан 2066-жылдын 1-январына чейин бошотулат.

Мындан башка жеңилдетилген визалык жана эмгек тартиби. АЭКБнын чет элдик жумушчулары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү дагы 5 жылдык мөөнөткө кирүү визасын алышат.

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмуна (ЭКӨУ) мүчө өлкөлөрүнүн, Бириккен Араб Эмиратынын, Малайзиянын, Сингапурдун жана Монаконун, ошондой эле Казакстандын өкмөтү тарабынан белгиленген өлкөлөрдүн жарандары 30 күндүк мөөнөткө визасы жок кирүүгө укуктуу. Дагы бир жагымдуу жаңылык – ишкердиктин алгачкы эки жылында "А" классындагы кеңсенин ижара акысы бекер болот.

Казакстан буга чейин эле чет элдик инвесторлорго болушунча калыс мамиле кылып келген, бүгүнкү күндө болсо жагымдуу инвестициялык климат менен камсыз кылуу саясий жана экономикалык артыкчылык болуп саналат.

Бүгүнкү күндө чет өлкөлүк инвесторлор менен кызматташуу маселелери РК Улуттук экономика министрлигине жана ТИМге жүктөлгөн. Эгер бул жакка ушул жылдардан бери президент Нурсултан Назарбаев ишке ашырып келе жаткан дипломатиялык көп жактуу саясатты кошкондо, казакстандык сунуштар көптөгөн суроо-талапка ээ экени таң каларлык эмес, ал эми Астанадагы чет элдик сапарлар жана жолугушуулар ишкерлик форумдар жана жаңы келишимдердин түзүлүшү менен аяктайт.

АЭКБ ачылганга чейин эле ага 55 компания каттоодон өткөнүн белгилеп өтүү керек.

"Астана" Эл аралык каржы борборунун башкаруучусу Кайрат Келимбетовдун айтымында, алардын саны 2020-жылга чейин 500 компаниядан ашышы керек.

"Биз үчүн негизги эффективдүүлүк көрсөткүчү болуп, каржы институттарынан салык албаганыбызды эске алганда тартылган чет элдик инвестициялардын көлөмү эсептелет, – дейт Келимбетов. – Биз бул жүйөлүү ой деп эсептейбиз. Бул инвестициялар Казакстанга эч качан келбейт болчу. Он миллиарддаган долларлык инвестициялар - бул жаңы жумушчу орундардын түзүлүшү, биздин өлкөдөгү сатып алуу суроо-талабынын өсүшү, биз үчүн да бул чоң упай алып келет".

Astana Finance Days форумунун пленардык сессиясында сөз сүйлөгөн өлкөнүн мурунку өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаевдин пикиринде, АЭКБ Казакстандын өзүнүн эл аралык мүмкүнчүлүктөрүн бир топ кеңейтет, жалпы отурукташкан схемада өз ордун табууга жана ээлөөгө мүмкүндүк берет.

"Казакстан АЭКБны дүйнөлүк каржы системасынын бир бөлүгү катары караштырууда, – деп мурдагы казак өкмөт башчысы белгилеген. – Дүйнөлүк акча айланууну башкарган каржы борборлорунун глобалдык тармагы дээрлик бүткүл жер шары аркылуу өтөт – Торонтодон Сиднейге чейин жана Токиодон Нью-Йоркко чейин. Алардын ар биринин өз орду бар".

АЭКБнын өзүнүн ыңгайлуу географиялык жайгашуусу Борбордук Азия, Евразиялык экономикалык биримдик, Кавказ аймагы, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

"Астана "Бир алкак, бир жол" глобалдык демилгесинин трансконтиненталдык маршрутунун негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналат, – деп Сагинтаев эске салат. – Ошондуктан АЭКБ Батыш Кытай, Монголия жана Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы жалгыз каржылык-экономикалык көпүрө болот. Мунун бардыгы 1 миллиард адамы бар ири рынокко жол ачат".

Ошондой болсо да батыш адистери дүйнөдө Европа менен Азиянын ортосундагы жаңы каржы көпүрөсү пайда болгонун колдошууда. Чет элдик серепчилердин алдын ала божомолу боюнча, АЭКБ өлкө экономикасына миллиарддаган инвестицияларды алып келе алат. Казакстандын пландары албетте өтө ири деп бааланууда, бирок, азыркы кырдаалды эске алганда, толук ишке ашырууга мүмкүн.

Астанада инвесторлор үчүн атаандаштык күн санап өсүп жатканын жана инвестиция тартууга дүйнөлүк экономиканын заманбап талаптарына жооп бере турган келечектүү продукт керек экенин жакшы түшүнүшөт. Демек Казакстан ага ылайыкташуу зарыл.

Шавкат Исмаилов,

"Кыргызстан-Астана" КБ төрагасы, Казакстан Элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин мүчөсү, «Protecting Business and Investments» Долбоордук кеңсесинин илимий-эксперттик кеңешинин мүчөсү.

Пикир

Оставить комментарий