• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айгүл Абдраева И.Арабаев атындагы КМУга ректор болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Абдраева Айгүл Төлөковна И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине ректор болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кол койду.

Билим берүү министрлиги 2022-жылдын 24-августунда мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, И.Арабаев атындагы КМУнун ректорунун кызмат ордуна ачык сынак жарыялаган.

Сынактын жыйынтыгы менен Айгүл Абдраева эң жогорку балл алган.

Белгилей кетсек, ал ушул эле ЖОЖдун биринчи проректору болуп эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий