• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин мурдагы башчысы алдамчылыкка шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мурдагы башчысы социалдык жардам катары берилген каражатты ээлеп алган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан мурдараак финансы полициясына аталган бирикменин мүчөлөрү уюмдун жетекчиси М.М. аттуу жаранга акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алганы боюнча чара көрүүсүн айтып кайрылышкан.

Ал социалдык жардам аталган бирикменин мүчөлөрүнө бөлүштүрүү үчүн берилген.

Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Чогултулган маалыматтар боюнча бул уюмдун башчысы менен орун басары "Т." ЖЧКсынан кайтарымсыз түрдө 2 млн. сомдон ашык каражатты түзгөн отун (көмүр) түрүндө материалдык жардам алып, аларды тийиштүү түрдө бөлүштүргөндүн ордуна сатып, каражаттарын ээлеп алган.

Мындан тышкары кылмыш ишин иликтөө маалында мурдагы жетекчинин башка ушундай эле каражаттарды ээлеп алуу фактысы аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий