• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айлам кетип, кыйналганда өлгөнүм жакшы дедим. Кургак учук илдети менен ооруган Аиданын окуясы

ТАГДЫР 0

Кургак учук - жугуштуу дарт. Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микробактериясын бөлүп чыгарган сыркоо адамдан жугат. Башка микробдордон айырмаланып, кургак учуктун микробактериясы өзгөчө сакталуу касиетине ээ. Ал жерде дагы, карда дагы өзүн мыкты сезет, ошондой эле спирт менен кислотанын таасирине да туруктуу келет.

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө ар бир секунд сайын бир адам кургак учукту жуктуруп алат. Ал эми ар бир 20 секундда бул илдеттен бир адам каза табат.

24-март - Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү. Бул күн Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечимине ылайык жыл сайын белгиленип келет.

Кыргызстанда кургак учуктун дарыга туруктуу түрү менен ооруган бейтаптардын саны көп.

“Чек арасыз дарыгерлер” уюму 2012-жылдан тарта Ош облусунун Кара-Суу районунда кургак учуктун дарыга туруктуу түрү менен күрөшүүдө бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет. Алардын бири "видео байланыш аркылуу дарылоо" долбоору. Максаты - бейтаптын ооруканада жүрүү убактысын азайтуу.

Мына ушундай ыкма аркылуу дарыланып, жакшы ийгиликтерге жеткен мекендешибиздин бири жөнүндө баяндайбыз.

33 жаштагы Аида (аты өзгөртүлдү - ред.) Кара-Суу районунун жашоочусу. Эки уулдун энеси. Ага 2016-жылы дарыгерлер кургак учуктун дарыга туруктуу түрүн жуктуруп алгандыгын айтышкан. Ооруканада 4 ай жаткан соң, Аида амбулатордук дарылоону баштаган. Башы ооруп, дене табы жогорулап, күнүмдүк жашоодо бул дарт каарманыбызга кыйынчылыктарды жарата баштаган.

“Мен көп убакыт боюу ооруканада дарыланып жүрдүм. Ал жакта мага окшогондор көп экен. Алардын көпчүлүгү негизинен дарыны калтырбай ичүү маанилүү экендигин айтышчу. Ооруканадан чыгып, амбулатордук дарыланууга өткөндө жергиликтүү ФАПтан дарыларды алып кетип туруу керек эле. Бирок мен үчүн бул кыйынга турду. Анткени күн сайын коомдук унаа менен ФАПка барып, дары-дармектерди ичип келиш керек эле", - деп эскерет ал.

Айрым учурларда ал ФАПтан дары ичип чыгып, үйүнө бара жатканда башы айланып, адамдарды таанып-тааныбай калган учурлары да кездешкен. Кээде кайсыл жакка жеткенин билбей, үйүн таппай, адашып калган күндөрдү баштан кечирген.

Кыйынчылыктарга кабылып, илдетке моюн сунган Аида дарыланууну токтотууну чечет. “Айлам кетип, чыдабай калгандыгым тууралуу дарыгерге билдирдим: күн сайын ушул кыйынчылыктардан өткөнчө, өлгөнүм жакшы деп чечтим. Ошондо дарыгер мага видео байланыш аркылуу дарылоону сунуштады. Мен бул ыкма тууралуу толук маалымат алып, ага макул болдум”,- дейт ал.

“Чек арасыз дарыгерлер” уюму мага смартфон берип, медайым бир жумалык дарымды эсептеп колума карматты. Күн сайын мен дарыгер менен видео аркылуу байланышка чыгып, дары ичип жатканымды көрсөтүп турдум. Бир нече мезгилден кийин өзүмдү жакшы сезе баштады. Себеби керектүү дарылардын бардыгын үйдөн эле ичип турдум. Өз убагында дары ичип, алым куруп турганда дароо жатып, эс алганга шартым пайда болду", - дейт Аида.

Саламаттыгы жакшыра баштаганын сезген Аида "айыгып кетем" деп өзүнө сөз берип, аягына чейин дарыланууну чечет.

"2018-жылы дарыгерлер мага сиз илдетти толугу менен жеңдиңиз деген жакшы кабар айтышты. Ошол кездеги кубанычыма чек жок эле. Дароо балдарыма сүйүнчүлөдүм. Оорудан толугу менен айыккан соң, балдарыма, үй-бүлөмө көңүл бура баштадым", - дейт.

Жашоодон үмүтүн үзүп койгон каарманыбыз учурда балдарына жакшы эне болууга аракет жасап келет. Жарыктыкка болгон ишеним оту жаңган Аиданын алдыга койгон жакшы тилек жана ой-максаттары чоң!

Даярдаган Салтанат Абдраева

Пикир

Оставить комментарий