• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги ар бир кыргызстандык газ үчүн айына 6-7 миң сом төлөй алат деп ишенет

Коом 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов ар бир кыргызстандык газ үчүн айына 6-7 миң сом төлөөгө чамасы жетет деп ишенет. Мындай оюн ал "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Ал кыргызстандыктарды айлана чөйрөгө жана жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды. Рустамов билдиргендей, өлкөнү газ менен камсыз кылуу абанын булганышы боюнча маселени чечет.

Маалымат жыйында журналисттер “Сиздин оюңуз боюнча ар бир кыргызстандык айына газ үчүн 6-7 миң сом төлөй алабы? Андан тышкары газдаштыруунун кызматтарын төлөөгө чамасы жетеби? деп сураганда Рустамов “ооба” деп жооп берген.

“Булгануу анданда жогору. Сиздер ооруканада иштеп, убакыт коротуп көмүр сатып аласыңар, ал эми газ болсо оңой жана сарамжалдуураак”, - дейт директор.

Өз кезегинде журналисттер жашоо минимуму 4-5 миң сом түзсө, алар кантип газга 6-7 миң сом төлөшөт деп айтышты.

Абдыкалык Рустамов ою боюнча, эгер өлкөдө адамдардын орточо жашоо наркы 4 миң сом болсо, жаңы конуштардагы эки кабаттуу үйлөр кайдан пайда болду, деди. “Өзүңөр барып карап көргүлө. Ал эми пенсионер жана жалгыз бой аялдар болсо, карылар жалгыз жасабашы керек. Алардын ар биринин балдары бар жана алар жардам бериши керек. Өлкөдө ар бир кыргызстандык иштеп, акча табуусу үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр бар”, - деди.

Пикир

Оставить комментарий