• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги Бишкектеги кара түтүн чектен ашпаганын айтат. Шаарда жашоого болот

Коом 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкектеги кара түтүн тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, абанын булганышы боюнча байкоону гидрометеорологиялык кызмат жүргүзүүдө. Себеби өлчөөчү жабдыктар алардын карамагында турат.

"Биз ай сайын алардан протокол алып, жыйынтык чыгарып турабыз. Бишкекте абага зыяндуу заттар 252 күн бою чыгып турат. Ал автоунаалар менен байланышкан. Бирок абанын булганышы айрым эксперттер айткан көлөмдө болгон жок. Жайында эл эс алууга кеткенде абаны булгаган заттар аз бөлүнүп чыгат. Мага, MoveGreen абанын булганышын эмнеге өлчөп жатканы түшүнүксүз. Шаардын ар кайсы бөлүгүнө өлчөөчү жабдыктарды коюп жатканы түшүнүксүз болууда. Мени алардын буга уруксаты болуп-болгону кызыктырат. Бишкекте жашоого болбой калды деген ой жаралышы мүмкүн. Жок, Бишкекте жашоого да, тартипке келтирүүгө да болот", - деди Рустамов.

Ал белгилегендей протоколдорго ылайык, абадагы зыяндуу заттарда формальдегид, азоттун диоксиди чыккан. Бул заттар күйүүчү майларда - бензин, дизель майларында болот.

"Албетте, көмүр менен жагылган жеке үйлөр жана Жылуулук электр борборунан улам аба булганып жатат деген пикирдин чындык жактары бар. Бирок турак аймактарды газдаштыруу башталды. Акырындап биз экологиялык таза отунга өтөбүз", - деди ал.

Ошондой эле ал шаар тургандарын автоунаа менен жүрүүнү токтотуп, коомдук унаада жүрүүнү сунуштады. Мэрия бекеринен троллейбустарды сатып алып жатпаса керек.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак MoveGreen уюмунун өкүлдөрү шаардагы кара түтүн боюнча маселени көтөрүшкөн. Алар кара түтүндүн пайда болушуна ЖЭБ менен жеке үйлөр себепчи экенин айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий