• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги: Кыргызстанда 300-500 ак илбирс байырлайт

Коом 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Кыргызстанда 300-500 ак илбирс байырлайт. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биоартүрдүүлүктү жана өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин директорунун орун басары Кумар Мамбеталиев билдирди.

Ага ак илбирсти сактоо боюнча иштер начар жүрүп жатат деген жана анын так санына байланышкан суроого берилген. "Бул иште көйгөй бар. Бирок иштер жүргүзүлүп жатат. 1990-жылдардын башында 100гө жакын илбирс бар деген маалымат болгон. Учурда болжолдуу түрдө өлкөдө 300-500 ак илбирс байырлайт", - деди ал.

Улуттук илимдер академиясынын биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаков белгилегендей, анын 2010-жылдагы эсеби боюнча Кыргызстанда 230-250 ак илбирс болгон.

Белгилей кетсек, ак илбирсти атууга 1,5 млн сом айып каралган.

Пикир

Оставить комментарий