• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги: Нарындан Аксыга көчүрүлгөн бугулар жаңы жерге көнүп кетти

Коом 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Нарындагы мамлекеттик коруктан Жалал-Абад облусунун Аксы районуна көчүрүлгөн 9 бугу-марал жаңы жерге көнүп кетти. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен белгилешкендей, аларды кызматкерлер байкоого алып турушат. Кышкысын аларга керектүү жем берилип турат.

Эскерте кетсек, 9 бугу-марал 2018-жылдын июнь айында "Бугу-маралдарды Батыш Тянь-Шанга көчүрүү" долбоорунун алкагында Нарын мамлекеттик коругунан Аксы районундагы Балтыркан корукчасына көчүрүлгөн. Долбоордун максаты бугуларды сактоо болуп саналат.

Балтыркан токой корукчасы Авлетим токой чарбасынын аймагында орун алган. Сары-Челек биосфералык коругу менен чектешет. Жалпы аянты 504 гектарды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий