• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги желим баштыктарды чыгаруу жана колдонууга тыюу салууну сунуштоодо

Коом 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги желим баштыктарды чыгаруу жана колдонууга тыюу салууну сунуштоодо. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов билдирди.

Анын айтымында, агенттик желим продукцияларын чыгарууга тыюу салган мыйзам иштеп чыккан. Ага ылайык, полиэтиленди сатуу жана колдонууга тыюу салынат.

"Учурда документти Экономика министрлигине бердик. Эгер алар биздин идеяны колдосо, биз мыйзамды андан кийинки кароого алып чыгабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий