• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги жыл башынан бери аткарган иштери тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги 2019-жылдын I кварталында жасалган иштери тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айтып берди.

Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 2 миң 820 документ түшүп, анын ичинен 575 бийик инстанциядагы маморгандардан, 56сы мыйзам актылары, министрлик жана ведомстволордон 1 миң 239 документ жана жарандардан 92 кайрылуу түшкөн.

“Ушул жылы 26 укуктук-ченемдик актылардын долбоорлору даярдалып, 7сү жөнөтүлгөн. Андан тышкары 270 УЧАлар укуктук экспертизадан өткөн”, - дейт директор.

Андан тышкары 475 долбоор жана укуктук-ченемдик актылар мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөн. Алардын ичинен 18и боюнча терс баа берилип, алар кайрадан кайтарылган.

“Андан тышкары, айлана чөйрөнүн абалын аныктоо максатында экологиялык байкоо жүргүзүлгөн. Жалпысынан 2019-жылдын биринчи кварталында 74 текшерүү жана 549 изилдөө жүргүзүлгөн. Анын ичинен 425и абанын түзүмүн текшерүү”, - дейт Абдыкалык Рустамов.

Пикир

Оставить комментарий