• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги 2019-жылы бардык токойлордун инвентаризациясын жүргүзөт

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги өлкөдөгү бардык токойлордун инвентаризациялоону пландоодо. Бул тууралуу токой чарбасынын негизделгенинин 71 жылдыгынын урматына “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин төрагасы Абдыкалык Рустамов билдирди.

Ал бүгүнкү күндө маалыматтарга караганда өлкөнүн 5,6 пайызын токой ээлей турганын айтты.

“Бирок ошол эле учурда айыл өкмөтүнүн алдында токойлор бар. Алардын аймагы 260 миң гектарды ээлейт. Учурда ким аларды кайтарып жатат, кандай оорулар бар, кандай жумуштарды аткарыш керектиги тууралуу көп суроолор бар. Андыктан 2019-жылдан баштап Токой кодексине өзгөртүү киргизүүнү каалап жатабыз”, - деди ал.

Инвентаризациялоо 2019-жылдын башында башталат.

“Акыркы жолу инвентаризация 2008-жылы жүргүзүлгөн. Мындай иш ар бир 10 жылда жүргүзүлүп турат”, - деди ал.

Рустамов жыл сайын токойлордун аймагы 1 гектарга көбөйүп жатканын айтты.

“Жыл сайын биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 500 миң көчөт бөлүп беребиз. Андан сырткары калк өзү сатып алып, отургузган көчөттөр дагы бар”, - деп кошумчалады Рустамов.

Пикир

Оставить комментарий