• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду тандоо боюнча Сынак комиссиясы түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.19. /Кабар/. Айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоо боюнча Сынак комиссиясы түзүлдү. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Бул чечим, 2019-жылдын 7-августунда «Centerra Gold Inc.» компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому кол койгон Стратегиялык макулдашуу боюнча Стратегиялык келишим жана Бир тараптуу милдеттемелерге ылайык, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлор жана программаларды каржылоо үчүн түшө турган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынды", - деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, Стратегиялык макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» түзүлгөн. Ал айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу милдетин аткарат.

Сынак комиссиясы Долбоорлорду жана программаларды тандоо жөнүндө бекитилген жобонун негизинде экологияны жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлактарын сактоо, энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонууну жайылтуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу боюнча долбоорлор жана программаларды карайт.

Пикир

Оставить комментарий