• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айлана-чөйрөнүн зыяндуу заттар менен булганышынын очоктору жөнүндө маалымат берилбесе администрациялык айыппул салуу демилгеленди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.01.18 /Кабар/. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Демилгечилер: КР Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Юсуров, М.Бакиров, К.Жолдошбаев.

Демилгечилердин бири Мирлан Бакировдун айтымында, мыйзам долбоору гидерометеорологиялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү жеке жана жооптуу кызмат адамдары тарабынан мыйзам талапатары бузулса администрациялык жоопкерчилик белгилөө максатында иштелип чыккан.

Тагыраак айтканда,

- гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүнү түзүүнүн эрежелерин жана талаптарын, айлана-чөйрөнүн абалына жана анын булганышына байкоолорду жүргүзүүнү жана керектөөчүлөргө гидрометеорологиялык маалыматты, айлана-чөйрөнүн абалын жана анын булганышы жөнүндө маалыматты чогултуу, иштетүү, талдоо, сактоо жана берүү боюнча иштерди бузса;

- шашылышы маалыматтарды, авариялык кырдаалдар жөнүндө, айлана-чөйрөнүн зыяндуу заттар жана калдыктар менен булганышынын табылган очоктору жөнүндө кабарларды бурмаласа, кечиктирсе же жеткирбесе жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнөн 3кө чейинки, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнөн 10дон 20га чейинки администрациялык айыппул салуу каралган.

Мыйзам долбоору талкуусуз колдоого ээ болуп, 1-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылынды.

Жыйын жүрүшүндө мындан сырткары, «Салыктык эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы каралып, жактырылды. Мыйзам долбоору салыктык эмес кирешелерди администрациялоо жана ички аудит боюнча маселелер бөлүгүндөгү КР Бюджеттик кодексинин ченемдери менен ченемдик-укуктук актыларды ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий