• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айланма жолдо автоунаалар кагышып, эки адам көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Кечээ, 19-январда Бишкектеги айланма жолдо жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун саат 07:05 чамасында "Дэу Нексия" унаасынын 19 жаштагы М. уулу А. аттуу айдоочусу айланма жолдо карама-каршы тилкеге чыгып, "Тико" унаасы менен кагышкан.

Кырсыктан "Тико" унаасынын 55 жаштагы Т.Н. аттуу жүргүнчүсү көз жумган. Ошондой эле аталган унаанын 45 жаштагы Б.Б. аттуу айдоочусу ооруканада каза болгон. Учурда ооруканада дагы бир 55 жаштагы Т.И. аттуу "Тиконун" жүргүнчүсү жатат.

"Дэу Нексия" унаанын 19 жаштагы М. уулу А. аттуу айдоочусу жана 18 жаштагы Б.А. аттуу жүргүнчүсү ооруканага кайрылышкан.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бардык чогултулган материалдар ИИББнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий