• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айланма жолдо ЭлТР телеканалынын кызматкерлери жол кырсыгына кабылып, бирөө көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Кечээ, 27-апрелде, болжол менен саат 16:50лөр чамасында Бишкек-Торугарт (айланма) автожолунда Opel Zafira менен КамАЗдын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, ЭлТР телеканалынын кызматтык унаасы - Opel Zafira чыгыштан батышты көздөй бара жатып, алдында кетип бараткан КамАЗды артынан сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен Opel Zafira унаасынын айдоочусу М.А., жеринде көз жумган. Ал эми жеңил унаанын 1976-жылкы К.И., 1977-жылкы К.М., аттуу жүргүнчүлөрү Кант шаардык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен тез жардам кызматы аркылуу жеткирилди.

Аталган факты каттоого алынып, унаалар айып токтоочу жайына токтотулган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

“Кабар” маалымат агенттигинин жалпы жамааты ЭлТР телеканалынын кызматкеринин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий