• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айланма жолдогу кырсыктан 3 киши каза болуп, алтоо жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 17.11.21./Кабар/. Айланма жолдогу кырсыктан 3 киши каза болуп, алтоо жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун болжол менен 19-20-чакырымында УАЗ оор жүк ташуучу автоунаасы менен "Тойота Ипсум" жеңил автоунаасы кагышып, жүк ташуучу унаадан өрт чыккан.

"Өрт саат 17:40та чектөөгө алынып, 17:55те толугу менен өчүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыгынын кесепетинен 3 киши каза болуп, алтоо жабыркаган.

Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий