• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айланма жолдогу кырсыктан каза болгондор «Түндүк электрдин» кызматкерлери болгон

Кырсык 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Кечээ, 17-ноябрда болжол менен саат 18:00дө Бишкек – Торугарт жолунун 29-чакырымында «Тойота Ипсум» жана «Түндүкэлектр» ААКга таандык «УАЗ» унаалары кагышкан, деп билдирет Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматына караганда, «Тойота Ипсум» унаасынын 1980-жылы туулган айдоочусу Б.К. унааны башкара албай каршы тилкеге чыгып, «УАЗ» маркасындагы унаа менен кагышкан жана ал өрттөнүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен «УАЗ» унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү алган жараатынан улам ошол жерде каза болушкан. Айдоочунун аты-жөнү белгисиз, экинчиси 1964-жылы туулган К.А. жана үчүнчүсү А.К. аттуу жаран.

Мындан тышкары, «Тойота Ипсум» жана «УАЗдын» 4 жүргүнчүсү Кант шаардык аймактык ооруканасына жеткирилген.

Аба ырайынын начарлашына байланыштуу Чүй ОИИББдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды өтө этият болууга, белгиленген ылдамдыкты так сактоого жана дөңгөлөктөрдү өз убагында алмаштырууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий