• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айланма жолдогу кырсыктан жабыркагандардын бири каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Бишкек-Торугарт унаа жолундагы “Тойота Гая” менен КамАЗ унаалары кагышкан кырсыктан жабыркагандардын бири ооруканада көз жумду.

“Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, жабыркагандардын экөө Сокулук аймактык ооруканасына кайрылышкан.

“Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жабыркаган 6 адам жаткырылган. 40-50 жаштардагы бир аял каза болуп калды. 3 бейтаптын абалдары оор деп бааланууда. Төрт бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, ал эми бирөө нейротравматология бөлүмүндө”, - деп билдиришти ведомстводон.

Белгилүү болгондой, бейтаптар баштын жабык травмасы алган жана мээлери чайкалган.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-майда саат 08:30дар чамасында “Тойота Ипсум” унаасы комбайнды ашып өтөм дегенде оң капталы тийип кеткен. Мындан улам жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай карама-каршы тилкеде келе жеткан КамАЗ менен кагышкан.

Пикир

Оставить комментарий