• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айлык акысы берилет. Ош мэриясы тажрыйбасы бар медиктерди жардамга чакырды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Ош шаардык мэриясы COVID-19 инфекциясына байланыштуу шаарда абал оорлоп бараткандыгына байланыштуу ыктыярчы-дарыгерлерди жардамга чакырат.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Ош шаарында март айынан бери медицина кызматкерлери, эпидемиологдор күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Дарыгерлер тынымсыз иш алып барып, айрымдары оору жугузуп алгандыктан медицина кызматкерлери тартыш болууда.

"Биз кайдыгер эмес жогорку, орто билимдүү жана тажрыйбасы бар медицина кызматкерлерин, ординаторлорду жардамга келишин өтүнөбүз. Кайрылгандар Ош шаардык ооруканасы менен келишимдик негизде иш алып барышып, айлык акысы берилет. Байланыш телефондору: (0772) 45 49 49, (0550) 29 26 24", - деп айтылат Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий