• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айлык маяна, пенсия, жөлөкпулдар кечиктирилбей берилет – Каржы министри

Коом 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Учурда айлык маяна, пенсия жана жөлөкпулдар өз убагында берилип жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын каржы министри Бактыгүл Жеенбаева билдирди.

"Ушул тапта Кыргызстандын өкмөтү эмгек акылар, жөлөк пулдар боюнча бардык төлөөлөрдү жана бюджеттин башкы чыгашаларын каржылоолорду өз убагында жүргүзүүдө. Мындан ары да биз бул милдеттенмелерди аткарууга бардык күчүбүздү жумшайбыз", - деди ал.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий