• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аймак тургундары үчүн насыя алуу оңой болуп калды

Президент 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Аймак тургундары күрөөгө кое турган мүлкү жок болгондуктан насыя ала алчу эмес. Муну демилгелүү тургундар бийликке бир нече ирет билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактык өнүгүү боюнча форумда билдиргендей, бул маселени чечүү үчүн Мамлекеттик кепилдик фонду түзүлгөн.

"Кепилдик фонду бул маселени чечүүгө жардам берүүдө. Кепилдик фонду берген каражатын көлөмү 3 эсе көбөйгөн. Кепилдик берилген 656 долбоор 755 млн. сом каражат ала алган. Кепилдик фонду менен банктар насыянын көлөмүн арттырып, дээрлик 3 млрд. сом насыя берилген", - деди ал.

Ал, бул көрсөткүч көбөйтүлүп, каражат аймактарга жумшаларын жана кайра иштетүү тармагына артыкчылык берилерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий