• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аймактар менен санарип диалогунан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда, өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен санарип диалог өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери жана аймактардагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында алдыңкы санарип технологиялардын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү, аралыктан окутуу формасынын келечеги жана кемчиликтери жөнүндө презентация жасашты.

Аймактардын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртууга багытталган санарип долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришти.

Ошондой эле жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып беришти.

Илдеттин жайылып кетүү коркунучу сакталып турган шартта экономикалык ишмердүүлүктүн субъектилеринин, уюмдардын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн иштеринин уюштурулушун белгилешти.

Мындан сырткары, өлкө Президенти менен болгон диалогдун катышуучулары инфратүзүмдүк долбоорлордун, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация түйүндөрүн кеңейтүү долбоорлорунун ишке ашырылышына жана аймактарда ишкердик активдүүлүктү өстүрүү боюнча мындан аркы пландарына токтолушту.

«Өлкөбүздү санариптештирүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктаганыбыз өз убагында башталган, туура саясат болгонун турмуш өзү көрсөттү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти.

Санариптештирүү боюнча этап-этабы менен чаралар мамлекеттик кызмат көрсөтүү, социалдык жактан тейлөө, билим берүү чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү улантуу үчүн жакшы негиз болуп бергенин белгиледи.

«Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал аймактардагы топтолуп калган бир топ кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды, ошондуктан региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет. Аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар күчөтүлөт», — деп билдирди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал баса белгилегендей, бюрократияны кыскартып, жер-жерлерде калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, муниципалдык кызматтагы жол-жоболорду автоматташтыруу менен жарандардын жашоо-турмушун дагы жеңилдетүү негизги милдеттердин бири.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы шаарлар менен облустардын жетекчилерин жер-жерлерде коронавирус инфекциясы менен күрөштү күчөтүүнү активдештирүүгө, зарыл болгон санитардык талаптардын баарын жарандар тарабынан сакталышын камсыз кылууга, ишканаларды жана коомдук жайларды дезинфекциялоого өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптик трансформациялоонун мамлекеттик саясатынын алкагында жер-жерлерде комплекстүү чараларды ишке ашыруу жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн облустардын, шаарлардын жана райондордун жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин дагы бир жолу баса белгиледи

Пикир

Оставить комментарий