• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аймактарда ИИМ кызматкерлери карантин убагындагы эрежелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Аймактарда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан карантин убагындагы эрежелер жана шарттар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМден белгилешкендей, 24-март күнү Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери ИИМ академиясынын, Чүй облустук, Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, сан-эпидемстанциянын өкүлдөрү менен биргеликте Аламүдүн районунун аймагында жергиликтүү жашоочуларга коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо боюнча өкмөттүн талаптары, түнкү маалда жана карантин учурунда өспүрүмдөрдүн сыртта жүрүүсүнө жол бербөө боюнча ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Иш-чарага 38 жөө жүргөн кайгуул кызматы, милициянын ыйгарым өкүлдөрүнөн 12, жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнөн 16, милициянын кайгуул-күзөт кызматынан 12, Чүй облустук милициясынан 4, ИИМ академиясынан 50 кызматкер тартылып, катуу сүйлөөчү жабдыктары менен жабдылган 38 унаа менен 56 айылдын 224 көчөнсүн кыдырышты.

Андан сырткары, иш-чаранын жүрүшүндө милициянын көчмө кабылдамасын колдонуу менен жогорудагы айылдардын кайгуулу жүргүзүлүп, карантин учурунда коопсуздуктун шарттары менен эрежелерин сактоо боюнча маалыматтарды берилген.

"Рейд өткөрүү учурунда Аламүдүн, Ленин, Лебединовка, Маевка, Таш-Дөбө айылдарында участкалык милиция тарабынан жергиликтүү жашоочуларга коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо боюнча өкмөттүн талаптары, түнкү маалда жана карантин учурунда өспүрүмдөрдүн сыртта жүрүүсүнө жол бербөө боюнча ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий