• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Аймактарда иштетилбей турган имараттарда оңдоо иштери жүргүзүлүп, стационар катары даярдалат

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Аймактарда иштетилбей турган имараттарда оңдоо иштери жүргүзүлүп, стационар катары даярдалат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

Ал белгилегендей, ушул аптада Ош жана Бишкек шаарында эки жаңы оорукананын курулушу башталат.

"Бир айга жетпеген убаттын ичинде аймактарда буга чейин иштетилбей турган 100-200 орунга эсептелген имараттарда оңдоо иштерин өткөрүп, аларды керектүү жабдыктар менен жабдуулап стационар катары даярдайлы деп жатабыз. Бул иштердин баары күзгүгө даярдык болуп эсептелет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий